Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Ысык-Көл

Фото — Балыкчы шаарында эң сулуу кыз тандалды

Turmush -  Балыкчы шаарында «Балыкчы сулуусу — 2018» сынагы болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сынакка 15 жаштан 25 жашка чейинки 10 кыз катышты. Анда кыздар саламдашуу, өзүн-өзү тааныштыруу, талантын жана өнөрлөрүн көргөзүү, жалпы бий, кече көйнөктөрүн көрсөтүү шарттарын аткарышты.

Сынактын жыйынтыгында «Экинчи вице-мисс» наамын Айгерим Алмазбекова, «Биринчи вице-мисс» наамын Элита Асанбаева, ал эми «Балыкчы сулуусу — 2018» наамына Таттыбүбү Муратова ээ болду. Эми ал «Кыргызстан сулуусу — 2018» сынагына катышууга жолдомо алды.

Таттыбүбү Муратова 16 жашта, ал Л.Толстой атындагы №1 гимназия мектебинде окуйт. Ал сүрөт тартканды абдан жакшы көрөт, көбүнчө жаратылышты тартат. Андан сырткары 4 жылдан бери баскетбол оюну боюнча Балыкчы шаарынын кыздар курама командасынын оюнчусу. Буга кошумча чуркаганды жакшы көрөт.

«Кыргызстан сулуусу — 2018» сынагынын уюштуруучусу Айсулуу Насирдинова: «Сынакка катышууга 20 кыз келген. Иргелип отуруп, он кыз катышмай болгон. Сынакка катышуучулар 1 жарым ай даярданышты», - деди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2125
×