Turmush - Караколдук Жыргалбеков Нурболот үчүнчү ирет бокс боюнча КР чемпиондугун жеңип алды. Бул тууралуу Каракол шаарындагы «Алга» спорт залынан маалымдашты.
Маалыматка караганда, Н.Жыргалбеков Кант шаарында 29-31-мартта өткөн КР чемпионатында чемпиондук наамды жеңип алып, үчүнчү жолу КР чемпиону болду. Н.Жыргалбеков спорттун чеберине талапкер, КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Тилекмат Энкеевдин тарбиялануучусу.