Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 16.04.2018 10:34

ИИМдин Коомдук кеңеши Караколдогу көчмө кабылдаманын иши менен таанышты (фото)

Turmush -  Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин төрагасынын орун басары Шамшыбек Мамыров Караколго келип, көчмө кабылдаманын иши менен таанышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ал Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги менен жолугуп, элди кабыл алуу боюнча кеңештерин айтып, жумушчу иш-чаралар планы түзүлдү.

Ш.Мамыровдун айтуусунда, республика боюнча ИИМдин 20 бөлүмүнө «Фольксваген транспортер» унаасы берилип, Ысык-Көл облусу боюнча Ысык-Көл районуна, Каракол шаарына экөө бөлүнгөн. ИИМдин атайын буйругу менен бул техникалар ЕККУ тарабынан берилип, күйүүчү май менен камсыз болот.

Каракол шаардык ЖККК бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Мамбетовдун айтымында, бул иш мэрия жана шаардык ички иштер бөлүмү менен бирге жүрүп жатат.

«Биз көчмө кабылдама менен Каракол шаарынын 8 участкада күндө соц кызматкерлер менен бирге кыдырабыз. Ошол учурда бизге жарандар баардык маселелер менен кайрылышат. Алардын көбү тазалык маселесин козгоп, таштандылар алынбай жаткандыгын айтса, кээ бири социалдык маселелер боюнча айтышат. Мындай учурда жарандарга консультация берип, кээ биринин арызын алабыз», - деди К.Мамбетов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×