Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Ысык-Көл

Караколдо жол күзөтчүлөр авариялык абалдагы унаа менен жүрүшкө чыгышты (фото)

Turmush -  Каракол шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан жол кырсыгын алдын алуу багытында жүрүш уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Каракол шаардык ЖККК бөлүмүнүн башчысы Толкун Дүйшенбиевдин айтымында, ушул жылдын апрель айында 7 жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болсо, 8 адам ар кандай жараат алган.

«Жол кырсыктын кесепети кандай болорун шаар тургундарына эскертүү максатында кырсыкка учураган унаанын коштоосунда жүрүш уюштурдук. Мында жол күзөтчүлөр авариялык абалдагы унаанын коштоосунда шаардын көчөлөрүн кыдырып, жол кыймылынын эрежесин сактоого чакырык жасашты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 439
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×