Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 14.04.2018 16:03

Чолпон-Атада маркум Т.Жумакадыровдун демилгеси менен курулуп баштаган футбол аянтча пайдаланууга берилди (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында дагы бир футболдук аянтча эшигин ачты. Анын бүгүн, 14-апрелдеги салтанаттуу ачылышына аймактык кабарчы да күбө болгон.

Бул аянтча мындан 3 жыл мурун маркум Темир Жумакадыровдун демилгеси менен И.Абдразаков атындагы мектеп-лицейинин аймагында курулуп баштап, ага Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду 6 млн 800 миң сом каражат бөлгөн. Курулушка керектелүүчү сумманын калган бөлүгү шаардык бюджеттин эсебинен каржыланды. Жалпы суммасы 13 млн сомду түзгөн аянтчанын узундугу 105 метр болсо, туурасы 65 метрге жетет.

Ачылыш аземге өкмөттүн облустагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев баштаган жергиликтүү жетекчилер катышып, шаардагы футбол командалардын арасында мелдеш уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×