Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 13.04.2018 17:23

Ак-Сууда ата-энесинен ажыраган балдар кандай шартта жашаары текшерилди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 13-апрелде КР Акыйкатчысынын Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Тамаев тарабынан Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында жакындарынын үйүндө жашаган жетим балдардын жашоо-турмушуна атайын мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анда Ө.Тамаев ата-энеси каза болгондон кийин бир тууган агасы Кубанычбектин үйүндө жашаган Бегимайга жолукту. Учурда кыздын кийим-кечеси, тамак-ашы жетиштүү, окуусу жакшы экенине күбө болду. Ал эми аны багууга алган агасы батирде 3 баласы, карындашы, жубайы менен турушат. Экөөнүн тең туруктуу жумушу жок. Кубанычбек курулуш иштеринде иштеп, каражат табат. Ал Ө.Тамаевге айыл өкмөт тарабынан жер участкасы берилсе деген өтүнүчүн айтты.

Ал эми Ак-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Улан Балбаевдин айтымында, Телпоключенка айылындагы социалдык жардамга муктаж бул үй-бүлөгө айыл өкмөт тарабынан паспорт алынып берилди. Ошондой эле, үч балага жөлөк пул чегерилип, Кувейт мамлекети тарабынан келген жардамдын негизинде бир баш торпок берилди.

Ал ошондой эле, томолой жетим катары жер учаскасына кезексиз турарын да кошумчалады.

Мындан тышкары, бул күнү аталган айылда жалгыз бой карыя небересин жалгыз багып, көп кабаттуу үйдө чатырынан суу тамган үйдө жашап келгени аныкталды. Буга чейин айыл өкмөт тарабынан чатырды жабууга 5000 сом бөлүнгөн, бирок ал сумма жетишсиз болгондуктан, чатыр толугу менен бүткөрүлгөн эмес.

Акыйкатчынын талабы менен бул үй-бүлөнүн жашап жаткан үйүнүн чатырын толугу менен жапканга бир жумалык мөөнөт ичинде жардам көрсөтүү тапшырмасы берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×