Turmush - Балыкчы шаарынын шахматчылары облустук спартакиадада үчүнчу орунга ээ болушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.
Маалым болгондой, Балыкчы шаарынын шахматчылары 5-6-апрелде Каракол шаарында өткөн мектеп окуучулары арасындагы облустук спартакиадада байгелүү үчүнчү орунга ээ болушту.
Үчүнчү орун үчүн мелдеште 9-клаастын окуучусу Жаныбек уулу Аман, 6-класстын окуучусу Эсенаманов Алым, 3-класстын окуучусу Абыкеев Таалайбеков атаандаштарын жеңип чыгышты.
Балыкчы шаарынын спорт мектебинин шахмат боюнча машыктыруучусу Чинара Тиленбаеванын айтымында, балыкчынын жаш шахматчылары облустагы күчтүү командалардын арасында мыкты оюн көрсөтө алышты деп эсептейт.