Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 13.04.2018 13:54

Ысык-Көлдө 25 өспүрүм кыз ийгиликтүү карьера куруу боюнча окуудан өтүштү

Turmush -  Ысык-Көл облусунан 25 өспүрүм кыз ийгиликтүү карьера куруу боюнча окуудан өтүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кыздар 7 ай аралыгында жеке дараметин жогорулатуу, жогорку билим алууга мотивация алуу, табигий ресурстар, химия, биология, информациялык технологиялар жана программалоо боюнча билим алышты.

Аларга бүгүн сертификаттар тапшырылды. Окуу «Балдардын укугун коргоочулардын лигасы» коомдук фондунун «Илим кыз 15000» долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн. Өлкө боюнча 140 кыз аталган окууга тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×