Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Мен оорусам гүлдөрүм кошо ооруйт, - гүлдүн 80дей түрүн өстүргөн ысык-көлдүк медайым С.Асакеева (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 61 жаштагы тургуну Сүйүмкан Асакеева гүлдөрдүн 80ден ашык түрүн өстүрөт.

Өзүнүн айтымында, ал 2002-жылдан бери гүл өстүрүү менен алектене баштаган.

«Гүл өстүрүүнү эч кимден үйрөнгөн жокмун. Бул менин хоббим болгондуктан мага оор жумуштай деле сезилбейт. Учурда гүлдөрдүн 80ден ашык түрүн өстүрүп жатам. Цикламен, бегониянын түрлөрү бар, папоротник, кытай розасы, глоксиния жана башкалар. Кээ биринин аттарын да билбейм. Ар дайым эртең гүлдөрүм менен учурашып, сүйлөшкөндөн кийин жумушка кететм. Кечинде келгенде дагы карайм. Мен ооруп калганда гүлдөрүм кадимкидей чогу ооруйт, аны бир канча жолу байкадык. Жаратылышты кичинемден бери аябай жакшы көрөм. Гүлдөргө өзгөчө сүйүү менен көңүл буруу зарыл. Мээрим төгүп, сүйлөшкөндү жактырышат. Канча жакшы мамиле кылсаң ошончо жакшы болуп өсүшөт. Убагында топурагын алмаштырып, суусун куюп, курттардан дарысын чачып туруу керек. Өзүм ооруканада медайым болуп иштейм.

Гүлдөрдү 250, 300 сомдон сатам. Балыкчыдан каалагандар үйүмө келип, жактырган гүлдөрүн алып кетишет. Базарга кээде алып чыкканда, гүлдөрүмдү калтырбай, сатып алып кетишет. Пенсияга чыксам деле медайым болуп, жаштар менен тең таймашып иштеп жүрөм. Кийинчерээк иштебей калсам ушул гүл менен алектенем деген максатта өзүмө дүкөн ачып, гүл сатам деп пландап койгом», - деди С.Асакеева.

Ал эки кыз, бир уулдун апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5536
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×