Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Ысык-Көл

Фото — Караколдо «Ауди» тосмону бузуп өтүп, бакты сүзгөн кырсыктан 1 кыз каза болду

Turmush -  Каракол шаарында жол кырсыктан улам 2 адам жабыркап, бир кыз каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 13-апрелде саат 03:24 чамасында «Ауди 100» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру В1534W) унаа Токтогул көчөсүндө жайгашкан тосмону бузуп өтүп, бакты сүзгөн. Жол кырсыгынан айдоочу — 1991-жылы туулган И.К., жүргүнчү — 1996-жылы туулган Д.Б. жаракат алышкан жана бир кыз каза болгон (аты-жөнү такталууда).

ӨКМдин №15 аскерлештирилген өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары маркумдун сөөгүн ИИМ кызматкерлерине тапшырып, жаракат алган адамдарды Ысык-Көл облустук ооруканага өткөрүп беришкен.

Turmush басылмасынын кабарчысына маалым болгондой, жол кырсыктан Ак-Суу районунун 2 тургуну ооруканага түшсө, каза болгон кыздын өздүгү аныкталбай жатат.

Жол кырсыктан жабыркаган айдоочу — Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылынын 1991-жылы туулган тургуну И.К., жүргүнчү — Кереге-Таш айылынын 1996-жылы туулган тургуну Д.Б. Ысык-Көл облустук оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Дарыгерлердин айтымында, айдоочу И.К.нын чекеси сынып, мээси чайкалган. Ал эми жүргүнчү Д.Б.нын мээси чайкалган. Учурда ОИИБ каза болгон кыздын өздүгүн тактоодо. Жүргүнчү каза болгон кызды тааныбасын айткан. Ал эми айдоочу И.К.нын абалы оор болуп, сүйлөй албай жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2190
Көп окулду
×