Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Ысык-Көл

Тоң районунда жол кырсыктан 22 жаштагы жигит каза болду

Turmush -  Тоң районунда жол кырсыктан улам 22 жаштагы жигит каза болду.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, жол кырсык 13-апрелде саат 04:00 чамасында райондун Ак-Өлөң айылында катталган. Жол кырсыктан улам айылдын 1996-жылы туулган тургуну К.А. алган жараатынан улам каза болгон.

Кийинчерээк Turmush басылмасына маалым болгондой, жол кырсык Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол автожолунун15,5 чакырымында катталган. Анда Оттук айылынын 1996-жылы туулган тургуну К.уулу А., өзүнө таандык «Ауди А6» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру 09 KG 756 ААД) унаасын башкарып келе жатып рулду башкара албай, унаа ооарылып кеткен.

Натыйжада айдоочу алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Анын жансыз денеси Балыкчы шаардык ооруканасынын өлүкканасына жеткирилген. Аталган факты бобнча тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1027
Көп окулду
×