Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 13.04.2018 10:09

Жети-өгүздүк машыктыруучу А.Жапаров дзюдо боюнча Япониядан тажрыйба алып келди (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Тосор айылында машыктыруучу болуп эмгектенген 30 жаштагы Адылбек Жапаров Жапонияга барып тажрыйба алмашып келди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Өзүнүн айтымында, ал 2010-жылы спорттун чебери болдум.

«Адам өзү спорттун даражаларына жеткенден кийин балдарга үйрөтүү керек. Мен 2010-жылы спорттун чебери болдум, эл аралык даражадагы калысмын. Учурда Тосор айылына келип, дзюдо боюнча балдарды машыктырып жатам. Март, апрель айларында Япониянын Токио шаарына барып дзюдо боюнча тажрыйба алып келдим. Ал жерге Европа мамлекеттеринен жана Казакстандан 20га жакын машыктыруучу келди. Ал жердеги бул спорттун түрүнүн өнүгүшү боюнча жакшы тажрыйба алдык. Келечекте спортчуларды ал жерде машыктыруу боюнча да сүйлөшүүлөрү жүргүзөбүз», - дейт А.Жапаров.

Учурда ал 100гө жакын спортчуну тарбиялайт. Ага район акими К.Жудеев ийгилик каалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×