Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Ысык-Көл

Түгөйлөш: 52 жаштагы А.Шаршенбаевдин жаш кезин жердештери ырчы Нурлан Насипке окшоштурушат (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунун 52 жаштагы тургуну Абдыкапар Шаршенбаевдин жаш кезин жердештери ырчы Нурлан Насипке окшоштурушат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

А.Шаршенбаев Ысык-Көл облусунун Тоӊ районуна караштуу Кара-Талаа айылында 1966-жылы 9-апрелде төрөлгөн. Кесиби боюнча мал доктур.

«Айылда кесибим менен бир топ жыл иштеп жүрдүм. Учурда мал кармап айылда турабыз. Жубайым экөөбүз 1988-жылы баш кошуп, 1 уул жана 4 кыздуу болдук. Эки кызым турмушка чыгып, өз алдынча кетишти. Беш неберебиз бар.

Жубайым менен автобекеттен таанышып калганбыз. Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, көп өтпөй баш кошконбуз. Анда жубайым мектепке жаӊы жумушка кирип, иштегение 2 жумадай эле убакыт болгон», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1855
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×