Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Ысык-Көл

Жети-Өгүздө бала бакчадагы балдар улуттук каада-салттарды чечмелеп беришти (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы «Барскоон» бала бакчасынын тарбиялануучулары улуттук каада-салт, үрп-адаттарды чечмелеп айтып беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бала бакчанын жетекчиси Гүлмира Султанбаеванын айтымында, бөбөктөр эгин эгүү, дан бастырууну көрсөтүп беришти.

«Бала бакча 2008-жылы ачылып, алгач 60 бөбөк кабыл алынган. Учурда 144 бала тарбияланып, 20 тарбиячы эмгектенет. Бүгүнкү иш-чарада бөбөктөр улуттук каада-салт, үрп-адаттарды чечмелеп айтып беришти. Биз балдарга кыргыз маданиятын, каада-салтын үйрөтүү максатында көп иш-чараларды уюштурабыз», - деди ал.

Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Чекированын айтымында, райондо 13 бала бакча бар, алардын ичинен Барскоон айылындагы бала бакча башкалардан айырмаланып турат.

«Барскоон» бала бакчасында этно педагогика күчтүү. Алардын жамааты 10 жыл аралыгында бир катар жетишкендиктерге ээ болуп, 2014-жылы облуста «Мыкты бала бакча» наамына ээ болгон», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 970
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×