Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 12.04.2018 13:26 Жаңыланды: 12.04.2018 14:52

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк уста маркум депутат У.Чолпонбаевге 30 боз үй жасап берип, жакшы киреше тапкан (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кызыл-Туу айылынын 48 жаштагы тургуну Муратбек Абылкасымов 18 жылдан бери боз үй жасоо менен алектенет. Аймактык кабарчы элеттик уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жасаган боз үйлөрүн өлкөнүн аймактарына жана чет өлкөлөргө да сатат.

«Биздин айылдын элинин көбү боз үй жасоо менен алектенет. Бири- бирибизден көрүп, жардам берип жүрүп үйрөндүк. Өзүм 2000-жылдан баштап жасай баштагам. Жаңы жасап баштаганда боз үйлөр жакшы өтчү эмес. Аларды Нарын, Жумгал, Чүйгө барып кыдырып сатчубуз. Кийинчерээк суроо талап көбөйүп, бул иш бизнеске айланды. Мен жыгачтарын жасасам, жубайым кийиздерин, чийлерин, ички жасалгасын жасайт. Жыгачтарды Жети-Өгүз районунан, ичине керектеле турган жүндөрүн чабандардан сатып алабыз. Чийлерин болсо талаадан өзүбүз чогултабыз. Бир боз үй даяр болуш үчүн 3 ай керектелет. Өзүбүз жылына 3 боз үй жасайбыз. Эгер буйрутма көп болсо андан дагы көбүрөөк жасай алабыз. Мисалы 2010-жылдан 2013-жылга чейин Ак-Суу районуна 30 боз үй жасап саттым. Ага Жогорку Кеңештин депутаты, маркум Улан Чолпонбаев демөөрчү болуп, Ак-Суу районунун ар бир айылына боз үй алып берген. Ошондо мени менен 30 боз үй жасоого келишим түзүп, мен 3 жылда боз үйлөрдү толук жасап бергем. Ал убакта боз үйлөр арзан эле, материалдарынын кээ бирин өзү алып бергенин эске алганда менин кызмат акым 3 миң долларга бааланган», - дейт ал.

Муратбек Абылкасымов жасаган боз үйлөрүн чет өлкөлөргө дагы сатарын белгиледи.

«Москвадагы кыргыз диаспорасына 2 боз үй, Түркияга жана Казакстанга да бир нече боз үй саттым. Боз үйлөрдүн баасы көлөмүнө жараша. Мисалы, 35 баш боз үйлөр 30 миң сом, 75 баш боз үй 160 миң сом, 85 баш боз үй 180 миң сомго бааланат. Мындан сырткары, боз үйдү ижарага тигип беребиз, 75 баш боз үйдүн бир күндүк ижарасы 10 миң сомду түзөт. Мындан чоң боз үйлөрдү 15 миңге тигебиз.

Мындан тышкары, жайында келген туристтерге боз үй тигүү боюнча мастер класстарды өткөрөбүз. Мен Германия, Чехия, Франциядан келген туристерди кабыл алдым. Алар боз үйдүн колго жасалганын жана табигый материалдан жасалганына абдан баа беришип, сыймыктанып калышат. Ал тургай, огороддо өскөн алма, өрүк, картошкаларды айтып, биздин жашоого абдан кызыктар болушат», - деди М.Абылкасымов.

Ал 2 уул, 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×