Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 12.04.2018 12:55

«Жезде»: Кайын журтуна эт бышырып шымын айрыган Р.Сутеновдун күйөө балалык доордогу күлкүлүү окуялары (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын 30 жаштагы тургуну Ринат Сутенов кайын журтуна барып, ыңгайсыз абалга туш болгондо аялы кантип куткарып кеткенин аймактык кабарчыга айтып берди.

Ринат Сутенов жогорку Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство жана маданият университетинин фольклор бөлүмүн аяктаган. Кийин үй-бүлө куруп, Тоң районунун Темир-Канат айылынын тургуну Кымкарбек кызы Гүлайымга үйлөнгөн.

«Жубайым экөөбүз 2016-жылдын декабрь айында баш кошконбуз. Анда мен 28 жашта, Гүлайым 25 жашта болчу. Социалдык тармактан сүрөтүн көрүп жактырып калгам. Экөөбүз интернет аркылуу кат жазышып жүрдүк. Кийин Бишкекке келгенде Гүлайым таланты, сулуулугу, жөнөкөйлүүлүгү менен мени өзүнө тартып алды. Бири-бирибизди жакшы түшүнүп кетүүбүзгө көзүм жетти. Үйлөнүү жөнүндө ойлонуп, ага баш кошуу сунушун киргизип, кыргызын каада-салты менен үй-бүлө куруп калдык. Себеби чыгармачыл адамды баары эле түшүнө бербейт. Жубайым Гүлайым өзү да чыгармачыл адам болгондуктан, тез тил табышып кеткенбиз. Тамакты мыкты жасайт. Мурда суюк тамак такыр иччү эмесмин, жубайым болгон азыктан тамакты даамдуу кылып жасагандыктан жактырып иче баштадым. Аны " кара көзүм", "карындашым" деп эркелетем», - деди ал.

Ринат Сутеновдун кайын журту Тоңдун Темир-Канат деген айылынан.

«Ал жакка барганда карандай суугун көрүп таң калгам. Айылда бак-дарактар да азыраак экен. Ак-Суу тоосу карагайлуу болгондуктанбы же биз жак бактуу келгендиктенби, айтор көзүмө өөн учураган. Анан да эркектер чогулса эле мал тууралуу сөз кылат экен, негедир нукура кыргыздардын пейили Тоң жергесинде сакталып келе жаткандай. Кайын журтум күйөө балдар чай ичкиле деп үйгө киргизип, дасторконго жаңы отурсак эле улуу кишилер же коноктор кирсе эле кайра эле тышка чыгабыз. Кайын журтума барган күндөр ошонусу менен эсимде калды. Кайненем майрам, туулган күндөрдө калтырбай куттуктап жок дегенде кат жазып турат. Кайнатам менен чынын айтсам кээде эле сүйлөшөбүз. Негизи сый эле болгон туура деп ойлойм, бирок "Ринат балам" деп эркелетет», - деди ал.

Ринат жезде кайын журтуна барып, кызыктуу окуяга туш болгонун мындайча айтып берди.

«Бир кызыктуу окуя болгон. Бишкектен Тоңго классикалык шым кийип баргам. Эт бышырып жатып шымым айрылып кетти. Эки жагымды карасам эч ким байкаган жок. Акырын байкатпай, Гүлайымга телефон чалып айласын табууну айттым. Ал мага башка шым таап келип, эч кимге көрүнбөй кийгеним эсимде. Келинчегим болсо мени кечке шылдыңдап боору эзиле күлгөн. Мени ушинтип куткарып калганы эсимден кетпейт.

Бош убактымда китеп окуйм, сейилдейм, болушунча жан дүйнөнү азыктандырууга аракеттенем. Акыркы мезгилде бош убакыт азыраак, бир мүнөт, бир саатым баалуу болуп калды.

Учурда үн режиссер болуп эмгектенем жана комуз боюнча ийримди жетектейм. Келечекте окуучуларымдан мыкты комузчулар чыкса экен деп максат кылам жана балдарыма татыктуу тарбия берип, туура жол көрсөтсөм дейм», - деди ал.

Ринат жезде бир уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×