Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Ысык-Көл

Ак-Сууда согуштук кырдаалга даярдык боюнча машыгуу өткөрүлүүдө (фото)

Turmush -  Ак-Суу районундагы Мамлекеттик чек ара кызматынын №2028 аскер бөлүгүнүн ок атуу жана машыгуу шаарчасында резервдик роталардын практикалык ок атуулары өткөрүлүүдө.

Маалым болгондой, «Коопсуздук-2018» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуунун алкагында өткөн бул иш-чарада резервдик роталар кайрадан даярдыктан өтүп, зачет тапшырышат.

Практикалык кыймылдар боюнча машыгуунун штаб башчысынын орун басары, полковник Максут уулу Жаныбектин айтымында, мындай иш-чаралар жыл сайын Генералдык штабдын планы боюнча аймактарда өткөрүлүп турат.

«Бул иш капыстан чыккан согуштук кырдаалга даярдык көрүүгө, райондук администрациянын мамлекеттик уюмдары аймакта түзүлгөн кырдаалга даяр туруусуна арналган. Бул күнү машыгууда практикалык көрсөтмө иштер болуп, Каракол шаарынын жана Түп районунун өзүнчө резервдик роталарынын практикалык ок атуулары өтүүдө», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 579
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×