Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 12.04.2018 11:45 На русском

Опузалоого шектелген бишкектик тургундар Балыкчыдагы май куюучу жайда милиционерлердин унаасын сүзүп, качып кетти (видео)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы Балыкчы шаарындагы май куйуучу жайдагы көзөмөл камерасына түшүп, андан кийин интернетке жарыяланган видео боюнча түшүндүрмө берди.

ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, ушул жылдын 31-мартында Тоң районунун 1980-жылы туулган тургуну М.К. «ДАФ» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен Бишкек шаарынан келе жаткан. Ал унаадагы 18 тонна цементти Тоң районуна алып бараткан. Балыкчы шаарынын аймагында айдоочу эс алууну чечип, ага болжол менен саат 09:00 чамасында «Ауди С4» унаасы менен 2 эки адам келген. Аларды бири — Кылычбек аттуу адам жүк ташуучу унаанын айдоочусу менен тааныш болгон. Ал айдоочуну ойготуп, кайсы бир убакта аны сөккөнү үчүн 60 миң сом талап кылган. Кылычбек жанындагы адам менен М.К.ны шаардын четине алып барып, ур-токмокко алган. Мындан тышкары, Кылычбек дагы эки адамга телефон чалып, алар Бишкектен келишкен. Алар төртөөлөп М.К.ны сабап башташкан. Андан кийин аны унаасына алып келишип, 60 миң сомду ай сайын 10 миң сомдон бөлүп төлөө шартын коюшкан.

М.К. белгисиз адамдар кеткенден кийин Балыкчы ШИИБге арыз менен кайрылган. ШИИБдин тергөө бөлүмү ошол эле күнү Бишкектин 1975-жылы туулган тургуну Ж.Кылычты жана Балыкчы шаарынын 1975-жылы туулган тургуну А.Келдибекти колго түшүргөн. Балыкчы шаардык соту 1-апрелде аларды 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги 170-берененин 2-бөлүгүнүн (опуза талап) негизинде кылмыш иш козголгон.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2-апрель күнү Кылычбекке жардам берүү үчүн Бишкек шаарынан келген 2 шектүүнүн унаасы («Тойота Виндом») аныкталган. Балыкчы ШИИБдин криминалдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери аталган шектүүлөрдүн жүргөн жерин аныктап, «Мерседес-Бенц 220» жана «ВАЗ 2101» унаалары менен барышкан. Алар Балыкчы шаарынын кире беришиндеги (Бишкек тараптан) май куйуучу жайдын эки тарабын тосуп, шектүүлөрдүн жолун жабышкан.

Бирок шектүү айдоочу чыгып кетүүгө жетишип, белгисиз тарапка багыт алган. Ыкчам аракеттердин негизинде милиция кызматкерлери тарабынан аталган унаа Нарын облусунун Кочкор районунда табылган. Унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү из жашырган.

Учурда качып кеткен 2 шектүүнүн өздүгү (Бишкек шаарынын 1980-жылы жана 1992-жылы туулган тургундары) аныкталды. Шектүүлөрдүн бардыгы буга чейин ыкчам каттого алынган эмес.

Табылган «Тойота Виндом» унаасы Балыкчы ШИИБдин айып аянтчасына киргизилип, шектүүлөрдү издөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×