Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 12.04.2018 11:37 На русском

Жаш талант: 19 жаштагы чебер Ж.Ашырахманова кийинки шайлоодо депутаттыкка ат салышат (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Ак-Булуң айылынын 19 жаштагы тургуну Жайнагүл Ашырахманова кагаздан 5 миң сомго чейин бааланган гүлдөрдү жасайт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, гүлдөрү 500 сомдон жогору бааланат.

«8 жашымда айыкпас дарттан улам атабыздан айрылып калдык. 6-класстан 9-класска чейин Бишкек шаарындагы Давха мектебинде акысыз окудум. 10-11-классты Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы гуманитардык лицейде кытай тилин өздөштүрүү менен уланттым. 11-классты бүтүп, ушул эле окуу жайдын мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу факультетине тапшырдым.

Жашоодо бардык нерсеге кызыгам. Мындан 2 ай мурда социалдык тармактарда «70 өнөр» аттуу долбоорду баштагам. Ал долбоордо ар бир адам 2 же 3 жыл ичинде өзүнө 70 өнөрдү үйрөнүш керек. Бул долбоорду баштоомо жаштардан социалдык тармактарга байланып, жөн гана убакытын короткону себеп болду. Соцтармакта отуруу менен кошо пайдалуу жумуш жасаса болот деген ойдомун. Өзүмдүн 70 өнөрүмдүн ичиндеги бир өнөрүм — гүл жасоо. Мындан тышкары жип менен кийимдерди токуйм, сайма саям, комузда ойнойм. Гүл жасап социалдык тармакка сүрөтүн киргиздим. Аны көргөн досторум, тааныштарым «мага да жасап берчи» деп кайрыла башташты. Ушинтип эле буйрутмалар көбөйө баштады. Гүл жасап жүрүп, бул жумушту бизнеске айландырып алдым десем туура болот.

Ар бир нерсени жасап жатканда мээм сергийт. Кол өнөрчүлүктөн кадимкидей ырахат алам. Гүлдөргө болгон мээримимди төгүп, чын жүрөктөн жасайм. Гүл жасоого ар кандай убакыт кетет. Мисалы майрамдарда көп убакыт бөлүүгө туура келет. Биринчи максатым татыктуу билим алуу болгондуктан биринчи орунга окуумду коём. Үйгө келип сабактарымды окуп бүткөн соң гүл жасоого өтөм. Кардарлар үчүн жаңы композицияларды чыгарып турганыбызга байланыштуу кыйынчылык анын майда иштеринде болот. Гүлдүн дизайнын ойлоп табууда ага кошумча бир нерселерди кошууда көп убакыт кетет. Бирок кардарлардын ыраазычылыгын, таң калуусун угуп бул кыйынчылыктары бат эле унутуп коём.

Жасаган гүлдөр алардын санына жараша 500 сомдон 5 миң сомго чейин бааланат. Гүлдестелерди эле эмес фотозона да жасайбыз. Келечекте апамдын, бир туугандарымдын, жалпы кыргыз элимдин сыймыгы болсом дейм. Кийинки шайлоодо айылдык кеңешке депутаттыкка талапкерлигимди коюуну ойлонуп жатам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×