Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Ысык-Көл

Түптө былтыр 38 айдоочу унаа айдоо укугунан ажыратылган

Turmush -  Түп районунда былтыркы жылы 38 айдоочу автоунаа айдоо укугунан ажыратылган. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Түп РИИБдин Жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмү тарабынан 2017- жылда жол кырсыгын болтурбоо жана алдын алуу максатында 94 рейд жүргүзүлгөн.

Рейдин жүрүшүндө 92 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган жана 7 айдоочу мас абалында унаа башкарып жүргөн учурунда кармалган. Райондук сотко 144 административдик материалдар жиберилип, сот тарабынан 556 миң сом өндүрүлгөн. Район боюнча өткөн жылы 38 адам унаа айдоо укугунан ажыратылган. Баардыгы болуп жыл ичинде мамлекеттик казынага 2 млн 732 миң 200 сом түшкөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 765
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×