Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 11.04.2018 12:58

Жубайлар: Уй саап, аялын кырдаалдан куткарган А.Шаршенбаевди атасы байкап калып тоого жиберген (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунун 52 жаштагы тургуну Абдыкапар Шаршенбаев 50 жаштагы жубайы Дамира Байызова менен бирге түтүн булатып, бактылуу үй-бүлөнү куруп, чогуу жашап келе жаткандарына 30 жылдын жүзү болду. Алар менен аймактык кабарчы таанышты.

Жубайлар 1988-жылы баш кошуп, бир уул жана төрт кызга татыктуу тарбия берип, учурда 5 небере менен алек болушууда.

А.Шаршенбаев Ысык-Көл облусунун Тоӊ районуна караштуу Кара-Талаа айылында 1966-жылы 9-апрелде төрөлгөн. Кесиби боюнча мал доктур.

«Айылда кесибим менен бир топ жыл иштеп жүрдүм. Учурда мал кармап айылда турабыз. Жубайым экөөбүз 1988-жылы баш кошуп, 1 уул жана 4 кыздуу болдук. Эки кызым турмушка чыгып, өз алдынча кетишти. Беш неберебиз бар.

Жубайым менен автобекеттен таанышып калганбыз. Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, көп өтпөй баш кошконбуз. Анда жубайым мектепке жаӊы жумушка кирип, иштегение 2 жумадай эле убакыт болгон», - деди ал.

Ал эми байбичеси Д.Байызова Тоӊ районундагы Кара-Коо айылында 1968-жылдын 4-ноябрында төрөлгөн.

«Өзүмдүн кесибим — мугалим. Кара-Талаа айылындагы Б.Алаков атындагы орто мектепте 30 жылдан бери эмгектенип, башталгыч класстарга сабак берем.

Жолдошум экөөбүз жаӊы баш кошкондо күлкүлүү окуялар көп эле болгон. Башында кайын ата, кайын энебиз менен чогуу жашачубуз. Уйду сааганды билчү эмесмин. Жолдошум сарайдан эч кимге көрсөтпөй уйду саап берип, мен болсо сааган киши болуп үйгө чаканы көтөрүп келчүмүн. Бир күнү кайын атам шекшип калып, жолдошумду атайын таӊ атпай койго кетирип салды. Ошол күнү уйду кыйналып саап келгем. Ошондон кийин үйрөнүп кеттим. Ушул окуя эсибизден кетпейт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×