Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Ысык-Көл

Чолпон-аталык ардагер Р.Конурбаев облустук музейге 18 сүрөт белек кылды (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарынын тургуну, ардагер Рашид Конурбаев облустук маданий- эстетикалык корук музейине өздүк коллекциясынан 18 сүрөт белекке берди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Рашид Конурбаев өмүр бою кино тармагында эмгектенсе да сүрөт тартууга кызыгып, пейзаж менен жанрдык чыгармалардын коллекциясын 1985-жылдан бери чогултуп жүргөн.

Ал белекке берген сүрөттөрдүн арасында мыкты авторлордун да чыгармалары ошондой эле өзү тарткан «Ысык-Көл» аталышындагы сүрөтү дагы бар.

Рашид Конурбаев бул эмгектер музейдин көркөм сүрөт искусствосун байытып, көргөндөрдүн көзүн кубандырып, эргүү тартуулоо максатында белекке бергенин белгиледи.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 747
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×