Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 10.04.2018 16:00

Тоңдук окуучулар облустук спартакиадада жеңишке жетип, тарыхта биринчи жолу чемпион болду (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда окуучулар арасындагы спартакиада жыйынтыкталып, Тоң районунун командасы жеңишке жетти. Бул тууралуу Тоң райондук балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Аламанов Нурлан билдирди.

Анын айтымында, Тоң районунун окуучулары тарыхта биринчи жолу жеңүүчү болуп жатышат.

«Жалпы балдар-кыздар арасында спорттун 22 түрү боюнча күч сынашып, алардын ичинен спорттун 8 түрүнүнөн 1-орунду багындырышты (волейбол боюнча балдар жана кыздар, оор атлетика, окуу нормативи боюнча кыздар жана балдар, кыргыз күрөш, алыш күрөш). Ал эми спорттун ордо жана футбол түрүнөн 2-орунду ээлешти. Жалпы командалык жыйынтык боюнча 5 район, 2 шаардын арасынан жеңүүчү болуп, республикалык спартакиадага жолдомо алдык», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×