Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Балыкчылык тиш доктур У.Карыбековдун грек-рим күрөшүндөгү ийгиликтери (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 22 жаштагы тургуну Умар Карыбеков акыркы 10 жылдан бери грек-рим күрөшү менен машыгып келет. Аймактык кабарчы жаш спортчу менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда ал 9-майда боло турган мелдешке даярданып жатат.

Буга чейин көптөгөн ийгиликтерге жетишип, «Спорттун чебери» наамына талапкер болгон. Ал Балыкчы шаарынын грек-рим күрөшү боюнча ачык биринчилигинде 1-орунду, улуу манасчы С.Каралаевдин 120 жылдыгына карата Ысык-Көл облустук III манасиадасында грек-рим күрөшү боюнча 69 килограмм салмакта 2-орунду, Ысык-Көл облусунун 70 жылдык мааракесине арналган республикалык мелдеште 1-орунду ээлеген. Ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча уландар арасында Мамаке баатырдын жаркын элесине арналган республикалык турнирде 58 килограмм салмакта 1-орунду, грек-рим күрөшү боюнча Ш.Сыдыковдун элесине арналган эл аралык турнирде 59 килограмм салмак боюнча 2-орунду алган.

Спортчу Балыкчы шаарындагы Ч.Айтматов атындагы №5 орто мектебин бүтүргөн. Андан кийин Токмок медициналык колледжинде окуп, тиш доктур кесибине ээ болгон. Учурда Балыкчыда тиш дарылоо борборунда тиш доктур болуп эмгектенет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1296
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×