Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Ысык-Көл

Жети-Өгүз районунда залкарлар эскерилди (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Шеримбек Шаршеев атындагы балдар музыкалык мектебинин окуучулары залкарларды эскеришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Окуучулар залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына, Ы.Тумановдун 130, Н.Абдрахмановдун 70, Т.Абдиевдин 80 жылдыгына карата концерттик программа тартуулашты. Мектептин директору Жумагүл Асыпбаева ар бир маданий иш-чара уюшкандыкта өткөрүлүп келгенин белгиледи.

Бул жолу окуучулар мугалимдери менен биргелекте Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү аткарышып, күүлөрдү чертип, бий бийлешти. Маданий кечеге окуучулардын ата-энелери чакырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 389
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×