Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Ысык-Көл

Балыкчыдагы жатак абактан 2 адам качып кетти

Turmush -  Балыкчы шаарындагы жатак абактан эки соттолгон адам качып кетти. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан бидиришти.

Маалыматка караганда, 8-апрелде алар укук коргоо органдарына эскертүү беришти.

«Мыйзам боюнча эгерде жатак абактан качкан адамдар 3 сутканын ичинде келишпесе, биз аларга издөө жарыялайбыз. Жатак абактан 38 жаштагы тажикстандык Зафаржон Исматов жана 34 жаштагы өзбекстандык Аскаржон Буриев качып кеткен. Исматов мүлк уурдоо боюнча, Буриев документтерди жасалмалоо боюнча камалган», - деп билдиришти ведомствонун басма сөз кызматынан.

Бул иш боюнча кылмыш иши козголду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 956
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×