Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Ысык-Көл

Ак-Сууда Арык Мырзанын мааракесин өткөрүү талкууланды (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында белгилүү инсан Арык Мырзанын мааракесин өткөрүү маселеси талкууланган жыйын болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага район акими Улан Дөкөнбаев, райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү тургундар, Нарын облусунун Кочкор районунан, Тоң районунан өкүлдөр келишти.

Жыйында үстүбүздөгү жылдын август айында Арык Мырзанын мааракесин өткөрүү боюнча талкуу жүргүзүлүп, анда көптөгөн ой-пикирлер жана сунуштар айтылды. Жыйындын соңунда резолюция кабыл алынды. Андан соң, Ак-Суу районундагы «Чоюке манасчы» багына Арык Мырзага арналып балатынын көчөттөрү отургузулду жана аталган инсандардын арбагына багышталып куран окутулду.

Мааракени өткөрүүнү демилгелеген «Ак-Суу Арашан» коомунун мүчөлөрү келген меймандар менен бирге Каракол шаарындагы Арык Мырзанын эстелиги коюлуучу жерде анын курулуш иштери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Арык Мырзанын айкелин жасап жаткан айкелчи, сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын ээси, маданияттын мыкты кызматкери Марлен Бакачиевдин маалыматына караганда, учурда Арык Мырзанын эстелигин жасоо аяктап калды.

«Бул айкел Каракол шаарына көрк кошкон жакшы эмгек болот деген тилектемин. Мен ага бардык чыгармачыл дараметимди жумшайм», - дейт М.Бакачиев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 967
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×