Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 10.04.2018 10:36

Бала тили — бал: Нуйан Насиптин ыйын ыйдап бейип, сүйүүмдү айнайм, - 6 жаштагы Байэл (фото)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Тоң районунун Коңур-Өлөң айылында жашаган 6 жаштагы Байэл Сарыгулов.

- Атың ким?

- Атым Байэй.

- Канчадасың?

- Айтыда.

- Кимди жакшы көрөсүң?

- Атамды.

- Атаң сени эмне деп эркелетет?

- Кыйтыгылап Байчигим, кээде Байэй байке дейт.

- Апаң эмне деп урушат?

- Тишиңди, колуңду жуу деп уруша берет.

- Кимди сүйөсүң?

- Санана (Саяна).

- Ал ким?

- Ай менин классташым.

- Эмнеси жагат?

- Ай аяйбай суйуу кыз, акыйдуу. Мен ага Нуйан Насиптин ыйын ыйдап бейем.

- Ал эмне деп ырдайт?

- Менин да чүйүүм учүндай деген ыйын ыйдап сүйүүмдү айнайм.

- Чоңойгондо ким болосуң?

- Милиция болом.

- Алар эмне кылышат?

- Ким машинасы менен токтобосо артынан кууп байып, түймөгө камайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×