Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 10.04.2018 09:22 На русском

Кыялдагы квадроцикл: Ысык-көлдүк меценат 14 жаштагы Орхандын тилегин орундатты (видео, фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Өрнөк айылындагы окуучу Орхан Самыйбековго меценат квадроцикл белек кылды. Ал тубаса майыптыгынан улам баса албай, балдактын жардамы менен бутун сүйрөп, бир аз кыймылдайт.

Буга чейин Turmush басылмасы келечекте ырчы болгусу келген Орхан 4 бир туугандын улуусу экенин жазган. Ал жашаган үй менен мектептин аралыгы 1,5 чакырым болгондуктан, ата-энеси көп жылдан бери акча чогултушуп, 40 миң сомго квадроцикл сатып беришкен. Акыркы 4 жылдан бери мектепке өзү барып келчү. Бирок жарым жыл мурун квадроцикли бузулуп калып, мектепке барууга кыйынчылык жаралып жаткан. Ага карабай Орхан коомдук иштерге катышууга аракет кылып келет.

Орхан тууралуу маалымат жарыялангандан кийин Чоң-Сары-Ой айылынын тургуну Саламат Кадыралиев окуучуга квадроцикл сатып берип жана анын үй-бүлөсүнө акчалай жардам көрсөткөн. Алгач ал техниканы окуучунун туугандары аркылуу берип жиберүүнү чечкен. Бирок Орхандын ата-энеси аны таап, ыраазычылык билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×