Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 09.04.2018 15:04

Айыл турмушу: Кыргыз тилчи Л.Сарыгулованын окуучусу сынак учурунда ыйлап, мугалимдерди ыңгайсыз абалда калтырган (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 41 жаштагы тургуну Лариса Сарыгулова 19 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенет. Аймактык кабарчы мугалим менен таанышты.

Л.Сарыгулова Тогуз-Торо районунун Арал айылында төрөлгөн. Мектепти алтын медаль менен бүтүрүп, Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы университеттин филология факультетине тапшырган. Жогорку окуу жайды 1999-жылы ийгиликтүү аяктап, эмгек жолун Тоң районунун Көк-Сай айылындагы Ж.Жамгырчиев атындагы орто мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган.

«Билим берүү тармагында иштегениме 19 жыл толду. Учурда Балыкчы шаарындагы №4 мектеп-гимназияда кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп эмгектенип жатам. Мектепте заманбап талапка ылайык интерактивдүү усулдарды колдоном. Ар бир баланын кулк-мүнөзүнө жараша мамиле кылып, сабакка көңүл бурдурууга аракет кылам. Азыркы балдар кыймылдуу, аларды бош койбой, ар кандай тапшырмаларды берүү керек», - деди ал.

Л.Сарыгулова окуучусу сынак учурунда ыйлап, баарын ыңгайсыз абалда калтырганын айтып берди.

«Сулайман деген окуучум сынакка кирип билет аларда ыйлап кирди. "Сулайман сага эмне болду?" деп сурасам, "байкем каза болуп, сынакка даярдана албай калдым" деп жооп берди. Мугалимдер ыңгайсыз боло түшүштү да 3 деген баа коюп беришти. Класс жетекчи болгондуктан бушайман болуп, апасына чалдым. Ага агасынын каза болгонуна көңүл айтсам, өзү чочуп кетти. Ал агасы каза болбогонун айтты. Мен болгон окуяны айтып берсем, "үч жыл мурун агам каза болгон, ошону айтса керек" деди. Эртеси Сулаймандан эмне себептен мындай кадамга барганын сурасам кебелбей туруп, "эжей мен сынакка даярданган эмесмин, ошондо коркуп кетип, агамды эстеп ыйлап жибербедимби" деди. Класстагы окуучулар анын бул жоругуна күлүштү. Азыр сынак болоордо Сулайманды эстейбиз.

Ушул окуучума байланыштуу дагы бир окуяны айтып берейин. Апрель айында окуучуларым тест тапшырганы Манас мектебине барды. Окуучуларды толуктап жаткам, бир убакта баягы Сулайман үстүнө футболка, астына чаар кыска шым кийип алып келе жатыптыр. Баарыбыз көрүп алып күлдүк. Аны окуучулук формасын кийип келүү үчүн үйүнө жибергем. Андан кийин шамалда үшүбөгөнүн айтып, мага ыраазычылык билдирген», - деди ал.

Мугалим ар кандай иш-чараларда ырдап, бийлеп, ошондой эле кол өнөрчүлүк менен алектенет.

«Бош убакта уул-кыздарым менен көңүлдүү өткөргөнгө аракет кылам, китеп окуйм, досторум менен эс алууга барам. Ар кандай кечелерде ырдайм, бийлейм, кол машина менен төшөк, жууркандарды тиккенди жактырам. Келечекте окуучуларга татыктуу билим жана тарбия берүүнү максат кылам. Чыңгыз Айтматов бекеринен «адамга эң кыйыны — күн сайын адам болуу» деп айтпаса керек. Окуучуларга жашоодо чыныгы адамдык ордун табууга жардам бергим келет»,- деди ал.

Ал 2 кыздын апасы.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×