Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Тоңдук машыктыруучу Н.Кокоевдин окуучулары спорттун 2 түрү боюнча ийгиликтерди жаратууда (фото)

Turmush -  Тоң районунун Ала-Баш айылынын 31 жаштагы тургуну Нурбек Кокоев машыктырган окуучулар волейбол жана ордо боюнча ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясындагы улуттук күрөштүн түрлөрү факультетин окуп бүтүргөн.

«Учурда мектепте дене тарбия сабагынан мугалим болуп эмгектенип жатам. Ошондой эле окуучуларды волейбол жана ордо оюну боюнча машыктырам. Азыркы учурда 35 окуучум бар. Алардын ичинен 24 окуучу волейбол ийриминде болсо, 16сы ордо боюнча ийримде машыгат. Окуучуларым менен ар кандай мелдештерге катышып, жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп жатабыз. Алардын арасынан Нооруз Мокенов волейбол боюнча 2013-2014-2015-жылдары окуучулар арасында өлкөнүн чемпиону болгон. Ошондой эле Элчибек уулу Эрнис 2013-жылы Ысык- Көл облустук спартакиаданын жеңүүчүсү, волейбол боюнча Кыргызстандын вице-чемпиону аталган. Мындан тышкары, спорттун чеберине талапкер болууга жетишти. Окуучуларым ордо боюнча да ийгиликтерди багындырып жатышат», - деди ал.

Нурбек Кокоев мышыктыруучулук менен алектенгенине 7 жыл болгонун белгиледи.

«Жакында эле облустук олимпиадада биздин команда ордо боюнча 2-орунга ээ болду. 2015-жылы Тоң райондук администрациясынын ардак грамотасы, 2016-жыл райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамотасы менен сыйлангам. Бош убакта спортчулардын тарыхын окуйм, сүрөтүн чогултуп, волейбол ойнойм. Дене тарбиянын жана билим берүүнүн отличниги болсом дейм. Волейбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттарды стадиондон көргүм келет. Көптөгөн спортчуларды тарбиялап чыгарып, кыргыз спортуна салым кошууну максат кылам», - деди ал.

Мугалим 1 баланын атасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1929
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×