Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Тоңдук мүнүшкөр К.Шерманбетов 3 бүркүт, 3 тайган таптап, 8 шакиртти тарбиялоодо (видео)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 46 жаштагы тургуну Кадырдин Шерманбетов 20 жылдан бери бүркүт, тайган таптап келет. Аймактык кабарчы мүнүшкөр менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда 2 бүркүт, 3 тайганы бар.

«Атам, чоң атам бүркүт салып, тайган агытып, ушул өнөрдү аркалап, сырын жакшы билген адамдар болгон. Мен мүнүшкөрлүктү ошол кишилерден үйрөнгөм. Учурда Сыргак жана Туйгун 2 бүркүтүм, 3 тайганым бар. Алар аңчылык мезгилде өздөрүнүн тамагын өздөрү эле таап жейт. Башка учурда көгүчкөн кармап берем. Күн алыстан 500 граммдан эт берем. Аңчылыка чыгарда же таптоо учурунда өтө арык же өтө семиз кылып бакпаш керек. Орто эти менен денесин кадимки спортчулардыкындай чымыр кармаш керек. Тайгандарды дагы ушул сыяктуу, өтө семиз же арык болсо да чуркай албайт. Аларды буулуктуруп көпкө байлап коебуз. Анан аңчылыка чыкканда жакшы чуркайт. Аңчылык мезгили сентябрь айынан баштап февраль айына чейин созулат. Коен, түлкү, кыргоолдорду алышат.

Көчмөндөр оюндарына жана ар кандай фесивалдарга катышып диплом, медаль, тиричилик буюмдарын утуп жүрөм. Бирок мен эң чоң жетишкендигим — менин окуучуларым. Алар Нарындан, Жети-Өгүздөн, Ак-Суудан болушат. «Устатынан шакирти өтөт» дегендей бөкөнбайлык Салават деген окуучум былтыр 120 миң сом байге утуп алды. Жалпы 8 шакиртим бар. Бош учурумда үйдөгү жумуштар менен алектенем. Кээде туристер келип суранып калса бүркүт, тайган менен аңчылык кылып көргөзүп берем», - деди ал.

Мүнүшкөр-аңчы 2 уул, 3 кыздын атасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3138
Көп окулду
×