Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Ысык-Көл

Ресторандагы массалык уулануу: Бишкектеги үлпөт тойго барган чолпон-аталык үй-бүлө ооруканада дарыланды

Turmush -  Бишкектеги үйлпөт тойго барып, тамакка ууланган Чолпон-Ата шаарындагы үй-бүлө дарылануу курсунан өттү.

К.Нурия 3 күндөн бери Ысык-Көл райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жатат. Ал уулангандан кийин денеси ооруп, чыйрыгып, кусуп, бир нече сутка уктай алган эмес. «Биздин туугандар 30-мартта Бишкекте уулунун үйлөнүү тоюн өткөрүшкөн. Биз тараптан тойго кайненем, кайнатам, абысыным, кайним жана жаш балдар барган. Мындан тышкары, Корумду айылынан күйөө бала тараптан биздин туугандар барышкан. Биздин үй-бүлө тойго барган күнү эле кайра Чолпон-Атага жөнөп кеткен», - деди ал.

Ал 31-март күнү жумуштан чыгып, кызын алып кетүү үчүн кайнатасынын үйүнө барган. «Биз үй-бүлөбүз менен өзүнчө, кайнимдин үй-бүлөсү ата-энебиз менен жашашат. 31-март күнү жумуштан чыгып, саат 16:00 чамасында алардын үйүнө келдим. Апам (кайнене) той жакшы өткөнүн айтып, ал жактан келген тамак-аштан берди. Үйгө кетели деп жатканда кызым чоң атасыныкында дагы бир аз ойноп турууну суранды. Мен ага макул болуп, үйгө келдим. Жодошум экөөбүз ал тамак-аштар менен чай ичтик. 1-2 саат өткөндөн кийин өзүмдү жаман сезип баштадым. Суук тийип калды го деп ойлогом. Жолдошум менен кызым келгенде өзүм бышырган тамактан бердим. Түнү бою абалым начар болуп, жолдошум эртең менен ооруканага алып барды. Бул убакта биздикилер да ооруканага келишиптир. Дарыгерлер текшерип, ууланганымды айтышты. Мен ооруканага жатуудан баш тартып, тамчылатма дары алгандан кийин үйгө кетип калгам», - деди Нурия.

Нурия үйүнө келгенине бир нече убакыт болгондон кийин кайра өзүн жаман сезип баштаган. «Кайра ооруканага келип, тамчылатма дары алып кеттим. Үчүнчү күнү дарыгерлер мени ооруканага жаткырышты. Дарыгерлердин жардамы менен жакшы болуп калдым. Бирок ооруканадан чыга элекмин, анализ тапшырдым. Экспертизанын жыйынтыгы чыкты, биз тооктун этинен ууланыптырбыз. Учурда ооруканада өзүм эле жатам, калгандары үйгө чыгарылды», - деди ал.

Нуриядан тышкары Бишкектеги тойго барган туугандары да ооруканага түшкөн. «Кайненем менен кайнатама амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Ооруканага кайним жубайы, 3 жана 5 жаштагы балдары менен кошо жаткырылган. Кайнимдин кызы оорудан улам ыйлап, дене табы көтөрүлдү. Алар үй-бүлөсү менен Чолпон-Атадагы ооруканада бир палатада дарыланып, кечээ үйүнө чыгарылды. Ошондой эле ооруканага биздин келиндин апасы, курбусу да кайрылды. Мындан тышкары ооруканага Корумду айылындагы туугандарыбыз да түшүп, дарыланышты», - деди ал.

Үйлпөт тойдун кийинки күнү күйөө бала тарап келиндин туугандарын чакырып, куда тосуу жөрөлгөсүн жасоону пландап жатышкан.

Окуя тууралуу:

Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» ресторанында 30-мартта үлпөт тойдон кийин тамакка ууланган адамдар ооруканага жаткырылды.

2-апрелде саат 08:00гө карата Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасына үлпөт тойдон кийин тамак-ашка ууланган 139 адам кайрылды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, алардын ичинен 89 адам (19у жаш балдар) ооруканага жаткырылды. Ошондой эле 50 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлсө, алардын 10у жаш балдар.

Мындан тышкары, Ысык-Көл облусунда уулануунун белгилери бар 12 адам дарыгерлерге кайрылып, 11 адам ооруканага жаткырылды. Дарыгерлердин айтымында, бейтаптардын абалы канааттандырарлык деп бааланып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 571
Көп окулду
×