Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Ысык-Көл

Балыкчыдагы кафенин ээси менен милиционерлердин ортосунда уруш чыкты

Turmush -  ИИМдин Ички иликтөө кызматына ишеним телефону аркылуу Балыкчы шаарынын тургуну милиция кызматкерлеринин орой мамилеси тууралуу билдирди.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, «Супер хошан» кафесинде жарандык кийим кийген белгисиз милиция кызматкерлери менен тамактануучу жайдын ээсинин ортосунда уруш чыкканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ушул жылдын 4-апрелинде болжол менен саат 18:30 чамасында кафенин ээси жубайы жана балдары менен бирге тамактанып жаткан учурда жарандык кийимчен төрт адам кирип, тамакка буйрутма беришкен.

Бир нече убакыт өткөн соң аталган адамдар маданиятсыз сөздөр менен сүйлөп баштаган. Кафенин ээси ал жерде жаш балдар бар экенин айтып, аларга эскертүү берген. Ал дагы бир жолу эскертүү берген учурда алардын ортосунда уруш чыккан. Анын айтымында, окуя болгон учурда аталган жарандардын бири мас абалда болгон. ИИМдин Ысык-Көл облусу боюнча ички иликтөө кызматынын кызматкерлерине бул факты боюнча видеотасма да тапшырылган.

«Аталган факты боюнча ИИМдин Ысык-Көл облусу боюнча ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүп, белгисиз кызматкерлердин өздүгү такталган. Алар Ысык-Көл ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери экени аныкталды. Алардын мыйзамсыз иш-аракеттерине ички иштер органдарынын кесиптик этикасын так аткаруу боюнча жана юридикалык жактан баа берилет», - деп айтылат маалыматта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1025
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×