Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Ысык-Көл

Түптө былтыр дан өсүмдүктөрүн мөндүр уруп кеткен дыйкандарга үрөн берилет

Turmush -  Түп районунда өткөн жылы дан өсүмдүктөрүн мөндүр уруп кеткен жерге кайра арпанын үрөнү себилет. Бул тууралуу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси И.Курманов билдирди.

Анын айтымында, Санташ айыл өкмөтүнүн Сары-Тологой, Кең-Суу айылдарындагы жана Жумгалдын Табылгыты айылындагы 488 гектар дан эгиндерин өткөн жылы мөндүр талкалап салгандан кийин, дыйкандар эгинден кол жууп калышкан.

«Санташ айыл өкмөтү аба ырайы катаал аймакка кирет. 2018-жылы үрөн тартыш болгондуктан, мыйзам чегинде Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунан 20 тонна буудайдын үрөнүн алып берип, карызды кайра төлөө мезгилин бир жарым жылга узарттык. Андан тышкары арпанын да үрөнүн керектүү көлөмдө таап беребиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 441
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×