Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 05.04.2018 22:14

Жаш талант: Самбо менен машыккан балыкчылык Арсланбек эл аралык мелдештерде өлкөнүн намысын коргойт (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 18 жаштагы тургуну Арсланбек Орозобек уулу Бишкек шаарында студенттер арасында өтүп жаткан ачык биринчиликте дзюдо боюнча мелдешке катышып, коло медаль тагынды. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, быйыл универсиадада 35 жогорку окуу жайдын командалары күч сынашып жатат. Ал өзү билим алып жаткан Бишкек гуманитардын университетинин атынан катышкан.

«Мелдеште 66 килограмм салмактагылар арасында күч сынаштым. Буга чейин ушул жылдын март айында Чолпон-Ата шаарында өткөн Кыргызстандын ачык биринчилигинде спорттун самбо түрү боюнча 3-орунду багындыргам. Бишкектеги ачык биринчиликте 1-орунду алган спортчулар дүйнөлүк, ал эми 2-орунду алгандар Азия чемпионатына барышат. Быйыл тилекке каршы алдыңкы орунга чыкпай калдым. Кийинки жылы жеңишке жетип, дүйнөлүк чемпионатка барам деген ишеничтемин», - деди ал.

Арсланбек самбо менен 5 жылдан бери алек. Ал өткөн жылы 9-май — Жеңиш күнүнө карата Бишкекте уюштурлган эл аралык турнирде 1-орунга татыктуу болгон.

«Самбо олимпиада оюндарына кире элек. Самбо боюнча дүйнөнүн чемпиону болуу — менин негизги максатым. Ал олимпиадага киргизилгенге чейин дүйнөлүк чемпионатта жеңишке жетүүнү көздөп жатам. Учурда май айында Казакстанда өтө турган эл аралык мелдешке даярдануудамын», - деди ал.

Спотчу К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде кытай тили бөлүмүндө 1-курста окуп жатат. Келечекте кытай тилин мыкты өздөштүрүп, ишкерлик менен алектенүүнү максат кылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×