Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө диний көз караштан улам кыздарын мектепке жибербеген жубайлар 2 жылга жатак абакка кесилди

Turmush -  Ысык-Көл райондук соту диний көз караштардан улам кыздарын мектепке жибербей жаткан жубайларга карата чечим чыгарды.

Turmush басылмасына райондук прокуратурадан билдиришкендей, Ысык-Көл райондук соту жашы жете элек кыздарын жалпы билим алуу укугунан ажыраткан жубайлар — 1971-жылы туулган А.Ж. жана 1965-жылы туулган А.Б.га карата козголгон кылмыш ишти карап чыкты. Алар Кыргызстанда соттун чечими менен экстремисттик уюм деп табылган «Йакын Инкар» агымынын тарапташтары экени аныкталган.

Буга чейин райондук прокуратура тарабынан Ысык-Көл райондук балдар иштери боюнча комиссиясына аталган ата-энени жашы жете элек балдарды тарбиялоодо жана окутууда милдеттерин аткарбаганы үчүн административдик жоопкерчиликке тартуу тууралуу эскертүү берүү тапшырылган. Бирок андан оң жыйынтык чыккан эмес. Райондук прокуратура Ысык-Көл райондук сотуна жашы жете элек балдарын тарбиялоодо ата-энелик милдеттерин аткаруу, анын ичинде балдарына жалпы билим алууга шарт түзүүгө милдеттендирүү боюнча доо арыз киргизилген. Бирок ата-эне тарабынан соттун чечими аткарылган эмес. Буга байланыштуу райондук прокуратура аталган жубайларга карата Кылмыш-жаза кодексиндеги 161-берененин (жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) негизинде кылмыш иш козгогон.

Ысык-Көл райондук сотунун 2018-жылдын 2-апрелиндеги өкүмүнүн негизинде жубайлар — А.Ж. менен А.Б. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиндеги 161-берене (жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) жана 338-берене (соттун өкүмүн, соттун чечимин же башка соттук актыны аткарбагандык) боюнча күнөөлүү деп табылып, 2 жылга жатак абакка эркинен ажыратылды. А.Ж. сот залында камакка алынды. Ал эми А.Б.нын жаш баласы бар экени эске алынып, ал 14 жашка чыкканга чейин жазанын мөөнөтү жылдырылды.

Прокуратуранын маалыматына караганда, А.Ж. менен А.Б. 5 жылдан ашык убакыттан бери элден өзүнчө жашап, кыздарына көчөгө чыгууга, башкалар менен баарлашууга, коммуникациялык технологияларды колдонууга, адабияттарды окууга (алардын диний агымынын адабияттарын окууга гана уруксат беришет) тыюу салганы аныкталды. Ошондой эле, алар медициналык мекемелерде текшерилбегени белгилүү болду.

Окуя тууралуу:

Ысык-Көл районунун прокуратурасы жашы жете элек кыздар ата-энесинин диний көз караштарынан улам мектепке барбай жаткандыгы боюнча топтолгон материалдарды карап чыкты.

Turmush басылмасына райондук прокуратурадан маалымдалгандай, жубайлар — 1971-жылы туулган А.Жыргалбек жана 1975-жылы туулган А.Бактыгүл Кыргыз Республикасынын «Билим берүү тууралуу» мыйзамындагы 16-беренедеги талаптарды атайлап бузуп, диний көз караштарга таянып, 17 жана 12 жаштагы кыздарын жалпы милдетүү билим алуу укугунан ажыраткан.

Прокуратура 17 жаштагы Ж. кызы М. 2008-жылдын 1-сентябрынан 2010-жылдын 31-майына чейин Ананьев айылындагы Г.Лященко атындагы орто мектепте билим алганын аныктады. Бирок ал 2010-жылдын 1-сентябрынан тарта бүгүнкү күнгө чейин билим берүү мекемесине барбаганы белгилүү болду. Ал эми, алардын экинчи кызы Ж. кызы Г. 7 жашка толгондо ата-энесинин диний көз карашынан улам билим берүү мекемесине жиберилген эмес. Өспүрүм кыздардын ата-энеси Бишкек шаардык сотунун 2017-жылдын 15-сентябрындагы чечими менен Кыргызстанда экстремисттик уюм деп табылган «Йакын Инкыр» агымынын тарапташтары деп айыпталган.

Социалдык кызматкерлердин текшерүүсүнүн жүрүшүндө аталган ата-эне элден өзүнчө жашап, кыздарына көчөгө чыгууга, башкалар менен баарлашууга, коммуникациялык технологияларды колдонууга, адабияттарды окууга (алардын диний агымынын адабияттарын окууга гана уруксат беришет) тыюу салганы аныкталды. Ошондой эле, алар медициналык мекемелерде текшерилбегени белгилүү болду.

«Муну менен А.Жыргалбек жана А.Бактыгүл өспүрүм кыздарын эркиндигинен ажыратып жатат. Психологдун тыянагы боюнча, кыздар коомдон обочолонуп жашаганы үчүн психикалык жактан артта калган», - деп айтылат прокуратуранын маалыматында.

Мындан тышкары, алар буга чейин административдик жоопкерчиликке тартылганына карабастан бүгүнкү күнгө чейин кыздарынын физикалык, психикалык жана социалдык өнүгүүсүнө тоскоол болуп жатат. Буга чейин аталган жубайлар Ысык-Көл райондук администрациясы тарабынан жашы жете элек балдарды тарбиялоодо милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган болчу.

Прокуратура аларга карата Кылмыш-жаза кодексиндеги 161-берененин (жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) негизинде кылмыш иш козгоо боюнча токтом чыгарды. Аталган кылмыш ишти иликтөө Ысык-Көл РИИБге тапшырылды.



Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1076
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×