Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Ысык-Көл

Жети-Өгүздө 40 мектепте видеокамера орнотулуп, 35 мектеп интернетке кошулду

Turmush -  Жети-Өгүз районунда 40 мектепте видеокамера орнотулуп, 35 мектеп интернетке туташтырылган. Бул тууралуу облустук билим берүү институтунан маалымдашты.

Маалыматка караганда, мындай иштер Жети-Өгүз районунда окуучулардын билим сапатын жогорулатуу, алардын коопсуздугун камсыздоо, мектептин материалдык- техникалык абалын жакшыртуу максатында жасалууда.

«Райондогу 40 мектепте видеокөзөмөл аппараты орнотулуп, 35 мектеп интернет байланышына туташтырылган», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 320
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×