Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 03.04.2018 10:33 На русском

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк М.Абдрахманов күнүнө 10 уй саап, 100 литрге чейин сүт алат (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылынын тургуну Максат Абдрахманов ата-энеси СССР ыдыраганда түптөгөн чакан чарбасын иштетип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Апасы Райкан Намазбекованын айтымында, алар 1996-жылы чакан чарба түптөп, жер иштетип, мал асырашкан.

«Ошол жылдан бери жергиликтүү шартка ылайык уй багып, жер иштетип келебиз. Уулум Максат азыр күнүнө 10 уй саап, жай мезгилинде күн сайын 100 литрден ашуун сүт алса, азыр 70 литрге чейин сүт алууда», - дейт Райкан Намазбекова.

Ал эми Максат Абдрахмановдун айтымында, ал ата-энеси түптөгөн мал чарбасын өнүктүрүү аракетинде.

«Жазында жана күзүндө жер айдап, техникалардын жардамы менен каражат таап келем. Келечекте асыл тукум, сүт багытындагы уйларды багууну максат кылып келем. Мындан 2 жыл мурун 50 баш саан уй баккам, жыл өткөн сайын тоют маселесине карата уйлардын санын азайттым», - дейт фермер.

Мындан тышкары, ал 10 гектар жер иштетип, ага улай талаачылык иштеринде техникалары менен элге тейлөө жүргүзөт. Мамлекет элеттеги дыйкан-фермерлерге колдоо көрсөтүп, үстөк пайызы жок насыя берсе асыл тукум мал асыроого даяр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×