Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Ысык-Көл

Барскоон айылында 800 түп көчөт отургузулду (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында 800 түп көчөт отургузулду. Бул тууралуу айыл аймактын башчысы Р.Эшманбетов маалымдады.

Анын айтымында, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү максатында жүргүзүлүп жаткан иш-чарага айылдын активисттери, айыл аймактын кызматкерлери жана тургундар катышты. Алар «Жолчу» ишканасынын тегерегине жол жээгине мажүрүм тал, турпан тал жана кайыңдын 800 көчөтүн отургузушту.

«Жолчу» ишканасы эми көчөттөрдүн өсүшүн көзөмөлгө алат. Район акими К.Жүдеев учурда район аймыгында жарыяланган 3 айлыктын алкагында ишембиликтер жүргүзүлүп, 17 чакырым канал тазаланып, алдыда дагы көчөт отургузуу иштери жүршүзүлөрүн белгиледи.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 645
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×