Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 02.04.2018 10:50 На русском

Эл ичи — өнөр кенчи: Чолпон-аталык Ж.Туратбекова күлүк минип, кыз куумайга түшүп келет (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарынын 20 жаштагы тургуну Жылдыз Туратбекова ат чаап, кыз куумайга түшүп келет. Аймактык кабарчы чабандес кыз менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 12 жашынан баштап ат чаап баштаган.

«Түбүм Жумгалдан болот. Ат мингенди чоң атам үйрөттү. Азыр кыз куумайга түшүп жүрөм. Менин ат чабууга кызыгуума Калия Тыныбекова деген эжем түрткү болгон. Менден башка дагы 4 кыз ат чаап жүрөт. Endurance марафонунда 4-орунду алгам. Качыке баатырдын 285 жылдыгында кыз жарышты утуп, 10 миң сом алгам. Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында да кыз куумайга түшкөм.

Кыз куумайда көптөгөн кызыктуу окуялар болот. Мени жигит кубалап келе жатканда аттын капталына ооп, бетимди өптүрбөй койгон учурларым болот. Мелдешке түшчү күлүктү Жекиш Баатыркулов деген саяпкер тандап берет. Аны менен чогуу иштейбиз. Ат чапканга болгон кызыгуумду ата-энем дайыма колдоп турат. Келечекте кыргыздын улуттук оюндарын уланткан улан-кыздарга үлгү болгум келет», - деди ал.

Чабандес кыз үй-бүлөдө 3 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×