Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 01.04.2018 14:10 На русском

Ресторандагы массалык уулануу: Бишкектеги үлпөт тойго барган 4 адам Чолпон-Атадагы ооруканага жаткырылды

Turmush -  Чолпон-Ата аймактык ооруканасына Бишкектеги үлпөт тойго барып, тамакка ууланган 4 адам жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Буга чейин маалым болгондой, «Ала-Тоо» ресторанында 30-мартта үлпөт тойдон кийин тамакка ууланган 30га жакын адам медициналык жарадам сурап кайрылышкан. Алардын 18и Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына жаткырылган болчу.

Министрликтин маалыматына караганда, тойго коноктор Чолпон-Ата, Бишкек, Талас, Нарын, Кара-Кулжа, Чаткал жана Корумдудан чакырылган.

«Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин кызматкерлери Кыргызстандын аймактарынан келген конокторго чалып чыгышты. Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунун Чаткал районунан келген коноктор Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×