Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Ысык-Көл

Түптө соода борборлордун өрт кырсыгын алдын алууга карата даярдыгы текшерилди (фото)

Turmush -  Түп районундагы бир нече соода борборунда өзгөчө кырдаалдын алдын алууга көрүлгөн шарттар текшерилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Текшерүүнү Түп райондук мамлекеттик администрациясы жетекчилик кылган УКМКнын райондук бөлүмү, ӨКМдин райондук бөлүмү, Мамэкотехинспекция, Мамкурулуш, Мамлекеттик салык кызматы жана башка кызматтардан түзүлгөн комиссия жүргүздү.

«Өрт кырсыгы чыккан учурда аны өчүрүүгө колдонула турган жабдуулардын даярдыгы, эвакуация убагында кошумча эшиктердин иштеши, өрт чыкканда атайын үн чыгаруучу жабдуулардын иштеши, өрт өчүрүүгө алгачкы аракеттерди көрүүдө суу, кум жана кийиздердин даярдыгы текшерилди. Мекеме-ишканалардын жетекчилерине өрт коопсуздугун алдын алууда кетирилген кемчиликтерди оңдоого протоколдук тапшырма берилди», - деди райондун акиминин биринчи орун басары В.Ситчихин.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 745
Көп окулду
×