Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Ысык-Көл

41 жаштагы Таалайбек Кубат уулу Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

Turmush -  Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 41 жаштагы Кубат уулу Таалайбек шайланды. Айыл өкмөт башчысын шайлоо кечээ, 27-мартта өттү.

Аталган кызматка 3 жарандын талапкерлиги көрсөтүлгөн. Алар:

- 1962-жылы туулган Исмаилов Болотбек Кожомбекович, 2014-жылдан баштап 2015-жылга чейин жергиликтүү кеңештин төрагасы болгон;

- Кубат уулу Таалайбек, 2000-жылдан баштап 2016-жылга чейин Ысык-Көл районунун токой чарбасынын кызматкери, 2017-жылдын декабрь айынан баштап Ананьев айыл аймагында жергиликтүү кеңештин депутаты болгон;

- Өмүралиев Нарынбек Жаманкариевич, 2016-жылдан баштап 2017-жылга чейин Ананьев айыл аймагынын башчысынын орун басары болуп иштеген.

Шайлоого 21 депутаттын ичинен 20 эл өкүлү катышты. Алардын ичинен 16 депутат Т.Кубат уулунун талапкерлигин колдоду. Ал эми калган эки талапкер 2ден добуш алды.

Т.Кубат уулу 1977-жылы 30-сентябрда төрөлгөн, үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. Ал Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин окуп бүтүргөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 830
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×