Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Ысык-Көл облусуТүп району 28.03.2018 10:55

Түптө элет жериндеги көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору талкууланды (фото)

Turmush -  Түп районунун айыл өкмөттөрүндө өтүп жаткан айылдык жыйындарга райондун акими Элчибек Жантаев баш болгон райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери катышып, элет жеринде кезиккен көйгөйлөрдү чечүү аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Талды-Суу жана Чоң-Таш айыл өкмөттөрүндө өткөн айылдык жыйында бир нече маселелер талкууланды. Анда жазгы айдап-себүүгө даярдык, жайыт комитеттеринин көчүү аракеттери жана УКМКнын Түп райондук бөлүмү тарабынан экстремизм, терроризмдин алдын алуу иштери (Сирияга байланышкан даректүү видеотасмалар көрсөтүлдү) талкууланды.

Ошондой эле кыргыз-казак чек арасына жакын жайгашкан жайлоого көчүп барып отурукташканга чейин чек арада жүрүүнүн мыйзамдарын так аткаруу үчүн айыл өкмөттөр тарабынан тизмелерди тактоо, баргандан кийин чек арада мыйзамды бузбай жүрүүнүн тартиптери жөнүндө кеңири талкуу болду.

Аким Э.Жантаев Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына азыртадан даярдыктарды көрүү менен туризмди өнүктүрүүгө көңүл бөлүүгө токтолуп, социалдык жана чарбалык маселелерди чечүүгө карата берилген суроолорго жооп берди. Мындай жыйын башка айыл өкмөттөрдө 1-апрелге чейин белгиленген график боюнча өткөрүлмөй болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×