Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 28.03.2018 09:45

Ысык-Көлдө жети акенин акыл кептерин даңазалаган иш-чара өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагы Акун Мыктыбек уулу атындагы орто мектепте «Биз кылмыштуулукка каршыбыз» аталышындагы иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анда окуучуларды сергек жашоого үндөө, ата-бабалардын каада-салтын аздектөө менен заман талабына ылайык инсандын калыптануусуна багытталган программа боюнча маалыматтар айтылды.

Иш-чарага баардык райондордогу мугалимдер катышты. Алар окуучулар тарабынан коюлган жети аке туурасындагы сценкага күбө болушуп, тарыхты баалоо менен кылмыштуулукка бөгөт койсо болору туурасында талкуу жүргүзүштү.

«Бул иш-чарада Ысык-Көлдөн чыккан жети акенин накыл сөздөрү айтылып, ал катышуучуларга жана даярданган окуучулар үчүн дагы пайдалуу болду», - дешти мугалимдер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×