Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Ысык-Көл

Жеңеке: 31 жашында баатыр эне болгон Р.Дюшембиева 10-баласын төрөгөндө президенттен белек алууну көздөйт (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районуна карашту Тилекмат айылынын 34 жаштагы тургуну Рейна Дүйшөнбиева «Баатыр эне» төш белгисин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин колунан алган. Аймактык кабарчы баатыр эне менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Түп районунун Жылуу-Булак айылында чоңойгон.

«Мектепти бүткөндөн кийин турмушка чыктым. Жолдошум менен биздин айылдан таанышкам, себеби кайненем экөөбүз бир айылдан болобуз. Жолдошум таякелерине келип жүргөндө таанышып, кийин баш коштук. Жолдошум Урматбек Дадакеев 1981-жылы Жети-Өгүз районуна карашту Тилекмат айылында төрөлгөн. Учурда «Тилекмат аке» үрөнчүлүк чарба фондун жетектейт жана өзү дагы жер иштетет. Арпа, буудай, картөшкө, беде өстүрөт. Жолдошум экөөбүз түтүн булатып жашаганыбызга 12 жыл болду, 9 баланын ата-энеси болдук. «Баатыр эне» наамын 31 жашымда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өз колунан алдым. Аябай сүйүнүп, толкундандым.

Балдарымдын эң улуусу Айдана 16 жашта, Айдарбек 13 жашта, Мухаммедали 9 жашта, Абдумажид 8 жашта, Умар 7 жашта, Ариет 5 жашта, Диана 4 жашта, Нурислам 3 жашта жана Медина 1 жашта. Балдарым менин чоң бактым. Аларга татыктуу тарбия берип, мыкты инсан болуп чоңоюшуна салым кошсом дейм. Ошондой эле онунчу балалуу болууну ойлонуп жатам. Азыркы жаштар көп балалуу болуудан коркушат. 10 балалуу болгон жаш үй-бүлөлөр чанда гана кездешет. Ошондуктан онунчу балалуу болуп калсак өлкө башчыдан белек алууну кыялданам. Эгер мүмкүнчүлүк болуп калса белек катары үй-бүлөлүк 8 орундуу автоунаа сурайт элем», - дейт баатыр эне.

Ошондой эле ал жолдошу үрөн жөнүндө чакан «Кут жергеси» деген китеп жазгандыгын жана ал эмгекчил, оор басырыктуу, алдыга койгон максаттарына умтулган адам экенин белгиледи. Ал эми Рейна жеңеке үйдө балдарын карагандан тышкары аш-лямфу сатып, кошумча киреше табат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2392
Көп окулду
×