Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 01.09.2018 19:55 Жаңыланды: 05.10.2018 17:47

Айыл турмушу: Тоңдук 86 жаштагы баатыр эне келиндери аны кантип сүйүнтүшөрүн айтып берди (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 86 жаштагы тургуну, баатыр эне Асимжан Жунушованын 4 келини жана 6 небере келини бар. Аймактык кабарчы баатыр эне менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, үй-бүлөдө 5-6 кыз чарчап калгандыктан, ата-энеси ырым кылып Асимжан деген ысым ыйгарышкан. Ага сөйкө салбай, эркек балдардай кылып чоңойтушкан. Ал 4 класстык билимге ээ болуп, 16 жашында турмушка чыккан.

«Бизди ата-энелерибиз үйлөнтүп коюшту. Жолдошум Жунушов Өмүрбек 1928-жылы Бөкөнбаев айылында туулган. Экөөбүз үйлөнгөндө ал 19 жашта, мен 16 жашта элем. Экөөбүз 40 жыл чабан болуп эмгектенип, 47 жыл бирге түтүн булаттык, 8 балалуу болдук. 4 балалуу болгондон кийин жолдошум бешик жасап берген эле. Ошол бешикке азыр да чөбөрөлөрүм жатат. Тилекке каршы, жолдошум 1995-жылы 67 жашында кайтыш болуп калды.

Балдарыбыздын баары таланттуу, Камчыбек уулум Бажы кызматында иштегени менен тамадалык өнөрү бар, өзү комуз чертет. Күлүйпа кызым пенсионер болду. Жылкыбай дагы комуз чертет. Сакыйпа тарых мугалими. Рысбек улуттук консерваторияда комуздан сабак берсе, Нургүл жеке компанияда иштейт. Нурлан консерваторияда саксафондон сабак берет. Камчыбек менен Рысбек оң кол жана сол кол менен комуз черткен белгилүү «Өмүр» тобун түзүшкөн. Ал эми Гүлбайра кызым тигүү цехин иштетет», - дейт ал.

А.Жунушова өзүнүн кайненеси каардуу аял болгондугун айтып, андан алган тарбиясын өзүнүн келиндерине жана небере келиндерине айтып келерин белгиледи.

«Өзүмдүн кайненем эмнени үйрөтсө, ошонун баарын өз келиндериме жеткиргенге аракет кылып келем. Азыр баары өз алдынча түтүн булатып, балдарды тарбиялап жатышат. Неберелерим да аккан арыктан суу агат дегендей комуз чертип, музыкага ышкыбоз. Небере келиндерим мени "апаке" деп айтышса эле сүйүнүп калам, атымдан эч качан аташпайт. Эл-журтка тынчтык жана балдарымдын бактылуу болушун каалайм», - деди баатыр эне.

Учурда анын 4 келини, 4 күйөө баласы, 7 небере күйөө баласы, 6 небере келини жана 32 небере, 36 чөбөрөсү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×