Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Ысык-Көл

Фото — Балыкчыга өзбек делегациясы Ташкент — Балыкчы багытындагы алгачкы поезд менен келишти

Turmush -  Өзбекстан темир жолунун поезд курамынын Ташкент — Балыкчы багытындагы алгачкы каттамы 23-март күнү түнкү саат 23:00дө Балыкчы шаарынын темир жол станциясына келди.

Маалым болгондой, делегация мүчөлөрүн мэр А.Мамбетов шаар депутаттары, жергиликтүү жетекчилер жана жаштар канаты менен биргеликте тосуп алды. Өзбекстан өлкөсүнөн келген топту «Өзбек темир жолдору» ААКсынын башчысынын орун басары Равшан Икрамов жетектеп келди. Өзбек делегациясы 80ге чукул адамдан түзүлгөн. Курамында өзбек темир жолунун учурдагы кызматкерлери жана ардагерлери бар. Мындан сырткары Өзбекстан жаштар канатынын өкүлдөрү жана жүргүнчүлөрү да келишкен.

Коноктор Балыкчы шаарынын темир жол станциясында маданият үйүнүн кызматкерлеринин шаңдуу концертинин коштоосунда тосулду. «Өзбек темир жолдору» ААКсынын башчысынын орун басары Равшан Икрамов жана Балыкчы шаарынын мэри А.Мамбетовго сөз берилди. Андан соң делегация мүчөлөрүнө жаштар канаты тарабынан көл жээгинде флешмоб көрсөтүлүп, «Жаш толкун» бий тобунун өзбек, кыргыз бийлери аткарылды. Эки тарап биргеликте асманга от шарларын учурушту. Таңкы беште өзбек делегациясы кайра кетишти.

«Саламатсыздарбы урматтуу темир жол кызматкерлери, улуу жолугушуунун катышуучулары. Биз өзбек темир жол кызматкерлери өлкө башчылары тарабынан тапшырылган буйрукту так аткарып, эки республиканын ортосун улуу темир жолу менен бириктирдик. Бул саамалык эки элдин мамилесине жакшы түрткү болмокчу. Соода-сатык жана туризм тармагы өнүкмөкчү. Кыргызстандагы эң жакшы жерлердин бири Ысык-Көл. Эс алуучулар көп каттайт деген тилектемин. Учурдагы поезд курамында 300 адам келе алышат. Алдыда агымдын көбөйүүсү менен жүргүнчүлөрдүн санын 500гө жеткиребиз. Поезд ар жума сайын каттап турат. “Өзбек темир жолдору” ААКсы Өзбекстанда эң чоң ишканалардын бири болуп саналат. Эмгек жамаатыбызда учурда 88 000 кызматкер бар. Биздин кыргызстандык кесиптештерди, туугандарды Өзбекстан мамлекетин көрүүгө чакырабыз. Биз Өзбекстан жана Кыргызстан темир жол кызматкерлери Ысык-Көлгө келген эс алуучуларга жагымдуу шарт түзүп берүүгө аракет кылабыз», - деди Р.Икрамов.

Ал эми Балыкчы шаарынын мэри А.Мамбетов өзбек темир жол кызматкерлерин жылуу куттуктап, буларга токтолду.

«Балыкчы шаарынын жашоочулары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү өзбек досторубуз менен жолугушуп жатканыбызга кубанычтабыз. Өзбекстан темир жолунун поезд курамы алдыда байма-бай каттап турат деген ишеничтебиз. Эс алуучуларды коопсуз, татыктуу, жакшы тосуп алууга убада беребиз. Өзбекстандан эс алуучулар көп келет деген үмүттөбүз. Темир жол каттамынын ишке кириши менен экономикалык кызматташууга дагы жол ачылат. Биз Өзбекстан бизнесине жагымдуу шарт түзүп берүүгө даярбыз», - деди ал.

Ташкент — Балыкчы каттамы ар жуманын бейшемби күндөрү жүрө баштайт. Жума күнү Ташкенттен Бишкекке келип, андан кийин Балыкчыга келет. Ал эми ишемби күнү кайрадан Ташкентке багыт алат. «Өзбек темир жолдору» ААКсынын поездинде жети купе вагон, үч плацкарт вагон жана бир ресторан вагон бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2534
Көп окулду
×