Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө бир үй-бүлө бараткан унаа оодарылып, айдоочу аял жана 12 жаштагы бала каза болду

Turmush -  Ысык-Көл районунун Өрнөк жана Чок-Тал айылдарынын ортосундагы жолдун тилкесинде кечээ, 21-мартка караган түнү жол кырсыктан 2 адам каза болду.

Turmush басылмасына маалым болгондой, жол кырсык саат 02:00 чамасында Балыкчы—Каракол унаа жолунун 55-чакырымында болгон. Кожояр айылынын 1971-жылы туулган тургуну А.Ф.нын (аял киши) башкаруусундагы «Тойота Харриер» жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Кырсыкка айдоочунун рулду башкара албай калганы себеп болгон. Айдоочу аял алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде көз жумган.

Ошондой эле аталган унаада айдоочу аялдын үй-бүлөсү болгон. Алар:

- 1969-жылы туулган О.Т., Кожояр айылынын тургуну (айдоочу аялдын күйөөсү);

- 1968-жылы туулганы А.И., Корумду айылынын тургуну (агасы);

- 2009-жылы туулган А.О. (уулу), оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды;

- 2003-жылы туулган О.Ы. (уулу);

- 2008-жылы туулган А.А. (кызы);

- 2006-жылы туулган И.уулу. М. (айдоочу аялдын агасынын уулу).

Жабырлануучулар Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жаткырылды. Алган жаракатынан улам И. уулу М. ооруканада каза болду. Үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн мээси чайкалып, ар кандай жаркаттарды алган.

Учурда жол кырсык боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1375
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×